Оштогу балдар ооруканасында оор абалда төрөлгөн ымыркайларга шарт түзүлдү

Аймак 01 Июль 2025 15:10
513527399_122175233930368081_1949465498167664964_n.jpg
513622784_122175234062368081_5810104315671275361_n.jpg
513826702_122175234080368081_170830393233272234_n.jpg
513882136_122175234182368081_2786835537555947865_n.jpg
513932200_122175233978368081_452960580761817760_n.jpg
514397620_122175234086368081_2444078105967397947_n.jpg
514430872_122175234050368081_5379804430880209863_n.jpg
514598597_122175234176368081_5832840968379709996_n.jpg
515187569_122175233990368081_5889789295948144450_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 01.07.25. /Кабар/. Бүгүн Ош облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасына жаңы заманбап медициналык жабдыктар тапшырылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жабдыктарды президенттин өкүлү Элчибек Жантаев тапшырып, медициналык жабдыктар облустук өнүктүрүү фонду тарабынан 3,4 млн сомго сатылып алынганын белгиледи.

Бул каражатка оорукананын жандандыруу (реанимация) бөлүмү үчүн жасалма дем алдыруучу аппарат (ИВЛ) жана эки даана кувез (инкубатор) сатып алынган.

Облус жетекчиси жабдыктар ымыркайлардын өмүрүн сактап калууда жана аларга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүдө маанилүү роль ойной турганын белгиледи.

"Өзгөчө салмагы аз, оор абалда төрөлгөн ымыркайлар үчүн бул жабдыктар абдан зарыл. Эми балдар коопсуз жана заманбап шартта дарылануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул – мамлекеттин жана коомдун балдар саламаттыгына болгон камкордугунун дагы бир мисалы", – деди өкүл.