Бишкек, 06.08.25. /Кабар/. Ошто Араван Ак-Буура каналын реконструкциялоо иштери башталууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Иштер суу чарба тармагындагы инфратүзүмдү жакшыртуу максатында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасына ылайык жүргүзүлүүдө.
Азыркы учурда каналда ондогон жылдардан бери колдонулуп келген селедук, акведук жана башка гидротехникалык курулмалар эскирип, жаңылоого муктаж. Бул багытта Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан 17 млн евро бөлүндү.
Араван Ак-Буура каналы – аймактагы ири райондор аралык сугат каналдардын бири болуп саналат. 1968-жылы курулган каналдын узундугу 31 чакырымдан ашат, ал эми суу өткөрүмдүүлүгү секундасына 25 куб метрди түзөт. Бул канал аркылуу Ош шаарынын Жапалак жана Төлөйкөн айыл аймактарынын, Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагынын жана башка чарбалардын айыл чарба жерлери сугат суу менен камсыздалат. Жалпы сугат аянты 16 миң гектардан ашат.
Араван Ак-Буура каналын реконструкциялоо сугат суу менен камсыздоонун туруктуулугун жогорулатып, аймактагы айыл чарбасын өнүктүрүүгө чоң салым кошот.