Бишкек 04.06.25 /Кабар/. Ош шаарындагы Р.Абдыкадыров көчөсүнүн бир бөлүгү бүгүн, 4-июндан тарта үч күнгө убактылуу жабылат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жогоруда аталган көчө А.Өскөналиев көчөсүнөн Б.Осмонов көчөсүнө чейинки жолго жаңыдан асфальт төшөө иштерине байланыштуу жабылмакчы.
Ош мэриясы жарандардан жол кыймылындагы убактылуу өзгөрүүлөргө түшүнүү менен мамиле жасап, жол жабылган учурда альтернативдүү багыттарды колдонууну өтүнөт.