Оштогу Абдыкадыров көчөсү кеңейтилип жатат

Аймак Загрузка... 07 Июль 2026 11:40
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 07.07.2026 /Кабар/. Ош шаарында Рыспай Абдыкадыров көчөсү кеңейтилүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган көчө Б. Осмонов көчөсүнө алып чыгат. Бул максатта долбоорго кирген жеке менчик турак жайлар буздурулууда.

Шаар мэри Жанарбек Акаевдин тапшырмасы менен турак жай ээлерине мыйзам чегинде тиешелүү компенсациялар толук төлөнүп берилди.

Белгилей кетсек, учурда Ош шаарында бир эле мезгилде 17 көчөдө жолду оңдоо жана жаңылоо иштери жүрүп жатат.