Ошто ЖОЖ ректорлоруна үгүт иштерине катышпоо эскертилди

Аймак 06 Ноябрь 2025 17:25
577970869_122190533978368081_7877870740097271335_n.jpg
576523768_122190533930368081_9199578743124824904_n.jpg
575739151_122190533960368081_6443856118325715787_n.jpg
576813694_122190533948368081_8195369220225202743_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 06.11.25. /Кабар/. Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жолугушуп, үгүт иштерине аралашпоону эскертти.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда шайлоо мыйзамдарындагы акыркы өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берилип, аны окутуучу жамааттарга туура жеткирүү зарылдыгы белгиленди.

Атап айтканда, мамлекеттик кызматкерлер, жогорку окуу жайлардын жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курамы, мугалимдер жана тарбиячылар шайлоо учурунда үгүт иштерине катышууга тыюу салынгандыгы эскертилди.

Элчибек Жантаев бардык билим берүү мекемелеринде бейтараптуулукту сактоо жана мыйзам бузуу фактыларына жол бербөө маанилүүлүгүн белгиледи.