Бишкек, 06.05.26. /Кабар/. Ош шаарындагы жолдордун курулуш сапатына рейддик текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 2024–2025-жылдары капиталдык оңдоодон өткөн бир катар көчөлөрдө (Демократ, Энесай, А. Навои, Сатиев, Т. Касымбеков ж.б.) асфальттын астынкы катмары талаптагыдай тыгыздалбаганы аныкталды. Мындан улам жаан-чачындан кийин жолдор чөгүп, асфальтта жаракалар пайда болгон.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан эреже бузган подрядчы уюмдарга эскертүүлөр берилип, административдик айып пулдар салынды.
Ошондой эле Ош шаарынын мэриясынын Жолдор башкармалыгына талапка жооп бербеген тилкелерди жана лотокторду тез арада кайрадан оңдоо же асфальт төшөө боюнча расмий талап жөнөтүлдү.