Ошто жол эрежелерин көзөмөлдөгөн борбор ишке берилди

Аймак 29 Декабрь 2025 15:52
FB_IMG_1767001874249.jpg
FB_IMG_1767001872059.jpg
FB_IMG_1767001876294.jpg
FB_IMG_1767001880313.jpg
FB_IMG_1767001884117.jpg
FB_IMG_1767001888013.jpg
FB_IMG_1767001890461.jpg
FB_IMG_1767001898040.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1767001874249.jpg
FB_IMG_1767001872059.jpg
FB_IMG_1767001876294.jpg
FB_IMG_1767001880313.jpg
FB_IMG_1767001884117.jpg
FB_IMG_1767001888013.jpg
FB_IMG_1767001890461.jpg
FB_IMG_1767001898040.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 29.12.25. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында Милициянын кайгуул кызматынын жол эрежелерин бузууларды көзөмөлдөгөн атайын борбору расмий түрдө ишке кирди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган долбоордун алкагында Ош шаарынын көчөлөрүнө жол эрежелерин жана укук бузууларды аныктоочу кошумча 70 даана заманбап видеокөзөмөл камерасы орнотулду.

Мунун натыйжасында учурда шаар ичинде жалпы 125 камера туруктуу иштеп баштады.

Жаңы борбор жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого, жол эрежесин бузган учурларды автоматтык түрдө аныктоого жана жалпы коомдук тартипти көзөмөлдөөгө багытталган.