Ошто жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын отуруму өттү

Аймак 19 Март 2025 13:23
485309322_1051061133733279_7500749644359634702_n.jpg
484670232_1051061490399910_1377597173154204214_n.jpg
484830345_1051061333733259_8887556492582884416_n.jpg
484833164_1051061153733277_2038682166866553061_n.jpg
484919832_1051061483733244_6004198767222160142_n.jpg
484943958_1051061327066593_2120527449420724748_n.jpg
485056507_1051061143733278_1282373136037560492_n.jpg
485071316_1051061307066595_7445025037768065612_n.jpg
485171825_1051061387066587_7949821682643028670_n.jpg
485300641_1051061170399942_6549580486607103452_n.jpg
485303182_1051061390399920_2528654678952928344_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 19.03.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык, бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаарындагы борбордук аппаратында ведомстволор аралык комиссиянын отуруму өттү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, комиссия 12-мартта Ош шаарында, Кара-Суу жана Алай райондорунда болгон жер титирөөдөн кийин социалдык объектилердин жана турак жайлардын жабыркаган деңгээлин аныктоо иштерин жүргүзөт.

Комиссиянын төрагасы болуп Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов дайындалды. Анын курамына президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү кирди.

Коюлган тапшырмалардын негизинде комиссиянын мүчөлөрү 19-марттан 24-мартка чейин жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды өткөрүп, келтирилген чыгымдарды баалап жана компенсациянын өлчөмүн аныктайт.

Эскерте кетсек, 2025-жылдын 12-март күнү саат 09:11де Ош облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын кесепетинен 24 турак үй жана 17 социалдык объект жабыркаган. Алардын ичинде 14 мектеп, 2 бала бакча жана 1 ФАП бар.