Борбордук базарга жетүү жеңилдейт: Ошто жаңы айланма жол пайда болот

Аймак Загрузка... 21 Апрель 2026 16:55
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Ош шаарында Б.Осмонов көчөсүнүн Барсбек айлампасынан тарта Касымбеков көчөсүнө чейинки аралыгы оңдолууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы узундугу 10,6 чакырымды түзгөн көчө эки этап менен оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Биринчи этапта Касымбеков көчөсүнөн Айтиев көчөсүнө чейинки 5 чакырымдык бөлүк оңдолуп, май айынын аягына чейин пайдаланууга берилет. Калган бөлүгү жыл соңуна чейин толук жаңыланат.

Долбоордун алкагында Айтиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишинде айланма жол курулуп, Кочконов көчөсү аркылуу жаңы базарга альтернативдүү кирүү мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө. Ошондой эле кошумча жолдор жана көпүрөлөр аркылуу борбордук базарга жетүү жеңилдейт.