Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. Ош шаарында Энергетика министрлигинин жана “КУЭТ” ААКнын колдоосу менен курулган темир-бетон буюмдарын чыгаруучу жаңы цех 31-августта расмий түрдө ачылып, 18 күндө 252 даана электр мамысын өндүрдү.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, цех азыркы тапта толук өндүрүш режиминде иштеп жатат. Күнүнө СВ түрүндөгү 12 даанадан электр мамылары чыгарылып, алар электр тармактарындагы оңдоо жана курулуш иштерине колдонулат.
Мындан тышкары, цехте фундаменттик блоктор (ФБС), колодец шакекчелери, траверстер сыяктуу башка темир-бетон буюмдары да чыгарылууда. Жалпы 12 кызматкер эмгектенген ишкана заманбап жабдуулар — бетон аралаштыргычтар, вибропресстер, буулоо камералары жана жүк ташуучу крандар менен жабдылган.
Өндүрүштүн артыкчылыктары:
- темир-бетон буюмдарын сырттан сатып алууга кеткен чыгымдардын азайышы;
- жаңы жумуш орундарын түзүү;
- жогорку өндүрүштүк ылдамдык жана сапат;
- буйрутмага жараша ар түрдүү буюмдарды чыгаруу мүмкүнчүлүгү.
Белгилей кетсек, бул цех Ош электр тармактары ишканасынын базасында ачылган алгачкы темир-бетон өндүрүшү болуп саналат. Ачылыш аземине энергетика министри Таалайбек Ибраев катышкан.