Ошто 3 тараптуу жаңы айланма жол курулууда

Аймак 16 апрель 2026 16:00
671636070_1297553202563574_2063826971562687903_n.jpg
673553245_1297553015896926_7976768900670348568_n.jpg
672920757_1297553442563550_2218876234319685146_n.jpg
672609962_1297553172563577_620304694052681360_n.jpg
672670400_1297553109230250_4852163582418955135_n.jpg
673859884_1297553469230214_6934779255771781876_n.jpg
671650061_1297553259230235_6071401227207954705_n.jpg
672051502_1297553039230257_3214566794676550625_n.jpg
672195830_1297553312563563_4180848788087404701_n.jpg
672106984_1297553115896916_4530165652169243861_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 16.04.26 /Кабар/. Ош шаарында жол инфраструктурасын өнүктүрүү алкагында Г. Айтиев менен А. Навои көчөлөрүнүн кесилишинде заманбап айланма жол курулууда.

Мэриядан билдиришкендей, долбоор боюнча А. Навои көчөсү тарабынан 6 тилкелүү жол каралып, ал эми Г. Айтиев көчөсү Б. Осмонов көчөсү тарапка карай кеңейтилип, 6 тилкелүү форматка өткөрүлөт.

Мындан сырткары, Көкүмбий көчөсү да толугу менен 6 тилкелүү болуп кайра курулууда. Жаңы альтернатдик багыт катары Кочконов көчөсү ачылып, ал аркылуу жаңы базарга түз кирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Ошондой эле Кочконов менен Шамшат көчөлөрүн бириктирген жаңы долбоордук көчөнүн курулушу жүрүп жатат. Бул көчөнүн бир багыты Айтиев көчөсүнө, экинчи багыты Навои көчөсүнө чыгат.

Жыйынтыгында үч тараптуу айланма жол түзүлүп, шаар ичиндеги унаа агымын жөнгө салууга жана тыгындарды азайтууга шарт түзүлөт. Айланма жолдун жалпы диаметри 25 метрди түзүп, шаар тургундары үчүн ыңгайлуу жана коопсуз жол кыймылын камсыз кылууга багытталган.