Ошто жаңы 3 тараптуу айланма жол курулуп бүттү

Аймак Загрузка... 25 Май 2026 12:30
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. Ошто жаңы 3 тараптуу айланма жол курулуп бүттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Мэр Жанарбек Акаев Г.Айтиев менен А.Навои көчөлөрүнүн кесилишинде заманбап айланма жолдун курулушун жеринен көрдү.

Анда А.Навои көчөсү тарабынан 6 тилкелүү жол каралып, ал эми Г.Айтиев көчөсү Б.Осмонов көчөсү тарапка карай кеңейтилип, 6 тилкелүү форматка өткөрүлүүдө. Жаңы альтернативалык багыт катары Көчкөнов көчөсү ачылып, ал аркылуу жаңы базарга түз кирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Шаар башчысы жолду сапаттуу куруп, мөөнөтүндө бүтүрүү тапшырмасын койду.

Айланма жолдун жалпы диаметри 25 метрди түзөт.

Белгиленгендей, Ош шаарында жол инфраструктурасын өнүктүрүү, жод кырсыктын алдын алуу иштери ырааттуу жүрүп жатат.