Ошто Жарандык коргонуу кызматтары жогорку даярдыкка өттү

Аймак 26 Май 2026 16:38
706746780_1330447365940824_7785991682127964529_n.jpg
706497274_1330447145940846_8502422674614896062_n.jpg
706615126_1330447362607491_892576579690719960_n.jpg
706712110_1330447205940840_124119074734100332_n.jpg
706712111_1330447212607506_1746169887804340416_n.jpg
708169335_1330447155940845_7573529220571178991_n.jpg
709038284_1330447389274155_6555197736639928603_n.jpg
709137511_1330447059274188_2014309129035619936_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэриясында Жарандык коргонуу комиссиясынын отуруму өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, анда шаардагы сел жүрүү жана суу каптоо коркунучтарынын алдын алуу маселеси каралды. Жыйынга шаардык мэриянын тиешелүү мекеме-ишканаларынын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

Жөшөрлүү жаандан улам шаардагы үйлөрдүн жер төлөлөрүн суу каптоо фактылары катталууда. Шаар мэри Ж. Акаев жарандардын коопсуздугу башкы милдет экенин эскертип, ӨКМди бул маселени реалдуу чечүү жолдорун издөөгө чакырды.

Министрлер кабинетинин тапшырмасы менен шаардын жарандык коргонуу кызматтары "Жогорку даярдык" режимине өткөрүлдү. ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын башчысы Улан Жусубалиев учурда 200гө жакын кызматкер күжүрмөн даярдыкта турганын жана бул күчтөр дагы күчөтүлөрүн билдирди.

Жыйынтыгында кооптуу аймактарды көзөмөлдөө, арыктарды тазалоо жана авариялык топтордун даярдыгын камсыз кылуу боюнча так тапшырмалар берилди. Ар бир жетекчи тапшырмалардын сапаттуу аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартаары эскертилди.