Ошто турак жайдын курулушу текшерилип, 200 миң сом айып салынды

Коом 7 сентябрь 2026 11:05
Ошто турак жайдын курулушу текшерилип, 200 миң сом айып салынды
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. Ош шаарында турак жайдын курулушу текшерилип, 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан М. Артыков көчөсү 38 дарегинде курулуп жаткан 12 кабаттуу турак жайдын 5 блогу текшерилип, мыйзам бузуу фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, объектте курулуш ченемдеринин, техникалык регламенттердин жана коопсуздук талаптарынын сакталбагандыгы белгиленди.

Мындан улам курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Ригел” ЖЧКсына тиешелүү акт түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

Мындан тышкары, мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу жана курулуш иштерин тиешелүү талаптарга ылайык жүргүзүү боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди.