Бишкек, 19.03.25. /Кабар/. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан Ноокат жана Өзгөн райондорунда топурактын асылдуулугун жогорулатуу, зыянкечтер, илдеттер жана отоо чөптөргө каршы күрөшүү боюнча семинар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага 100дон ашык фермер жана агрардык адистер катышып, интерактивдүү форматта өттү. Катышуучулар активдүү суроолорду берип, өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Дыйкандар түшүмдүүлүктүн төмөндөшүнө себеп болгон факторлор, анын ичинде топурактын азыктуулугунун азайышы жана зыянкечтердин көбөйүшү тууралуу маселелерди көтөрүштү.
Семинарда каралган негизги темалар:
- өсүмдүктөрдү коргоо чаралары жана интеграциялык ыкмалар;
- пестициддерди туура жана коопсуз колдонуу жолдору;
- топурактын асылдуулугун сактоо жана калыбына келтирүү ыкмалары;
- өсүмдүктөрдүн карантини боюнча маселелер.
Катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп ала алышты.
Мындай иш-чаралар фермерлердин маалымдуулугун жогорулатып, айыл чарба продукциясынын сапатын жана түшүмдүүлүгүн арттырууга өбөлгө түзөт.