Ошто токсикологиялык лаборатория капиталдык оңдоодон өтүүдө

Аймак 04 Октябрь 2025 13:40
1.jpg
557256890_122186916536368081_363532245544848705_n.jpg
557417994_122186916410368081_7245375837813368879_n.jpg
557788427_122186916500368081_8275001629690852731_n.jpg
557811371_122186916560368081_7736959554719068004_n.jpg
557903645_122186916572368081_1663062013002871893_n.jpg
557958085_122186916524368081_105092598976293468_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 04.10.25. /Кабар/. Ошто адистештирилген контролдук токсикологиялык лаборатория капиталдык оңдоодон өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жумушчу сапарынын алкагында президенттин өкүлү Элчибек Жантаев менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Бул иштер Ош облусунун регионалдык жана экономикалык өнүгүү долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Лабораториянын имаратын жана ички бөлмөлөрүн капиталдык оңдоого 4 млн 150 миң сом, лабораториялык жабдууларды сатып алууга 2 млн 452 миң сом каралган. Жалпы 6 млн 161 миң сомдук атайын жабдуулар 2025-жылдын октябрь айынын аягына чейин алынып, орнотулары күтүлүүдө.

Жаңыланган лаборатория заманбап жабдуулар менен камсыздалып, өсүмдүктөрдү биологиялык коргоодо колдонулуучу энтомофагдарды — златоглазка жана габробраконду — өстүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Бул өз кезегинде аймакта коопсуз жана экологиялык жактан таза продукцияларды өндүрүүнү кеңейтүүгө, ошондой эле айыл чарба продукциясынын сапатын жогорулатууга өбөлгө болот.

Иш сапарынын жыйынтыгында тиешелүү тараптарга лабораторияга керектүү атайын жабдууларды өз убагында орнотууну камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.