Ошто телефон жана дары-дармек аткезчилиги менен алектенген кылмыштуу топ аныкталды

Аймак 27 Июнь 2025 09:51
WhatsApp Image 2025-06-27 at 08.27.33.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-27 at 08.27.38.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-27 at 08.27.37.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-27 at 08.27.37 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-06-27 at 08.27.35.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-27 at 08.27.34.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-27 at 08.27.35 (1).jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 27.06.25. /Кабар/. Ош облусунда телефон жана дары-дармектерди аткезчилик жол менен ташыган кылмыштуу топтун иши токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Белгиленгендей, жүргүзүлгөн тинтүүнүн натыйжасында бажы алымдарын төлөбөстөн жана тиешелүү каттоосуз алынып келинген iPhone үлгүсүндөгү уюлдук телефондор, ошондой эле алып кирүүгө тыюу салынган дары-дармектер алынган.

Кылмыштуу топтун уюштуруучулары жана активдүү катышуучулары - М.А.А., Г.Ж.П. жана М.О.Ш. аттуу жарандар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

“Учурда алардын кылмыштуу байланыштарын жана контрабанданы ташып келүү/экспорттоо схемаларын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө”,деп айтылат маалыматта.