Ошто таштандыдан электр энергиясын өндүрүүчү завод курулууда

Аймак Загрузка... 10 Июль 2026 10:05
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Ош шаарында таштандыны утилдештирип, электр энергиясын өндүрүүчү заманбап заводдун курулушу кызуу жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар мэри Жанарбек Акаев курулуш аянтына барып, иштин жүрүшү менен таанышты.

Долбоорду Кытайдын "Цзюньсинь Huandao KG Invest" компаниясы ишке ашырууда. Мэр курулуш темпин күчөтүп, өз убагында бүткөрүүнү тапшырды жана мэрия тарабынан бардык зарыл жардамдар ыкчам көрсөтүлөрүн билдирди.

Завод ишке кирсе жылына 310 миң тоннага чейин таштанды утилдештирилип, электр энергиясы өндүрүлөт. Ишкана бардык экологиялык талаптарга толук жооп берет.