Бишкек, 21.03.26. /Кабар/. Ош шаарында таштандыларды утилдештирүүчү заманбап заводдун курулушу жанданат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Күн мурун мэр Жанарбек Акаев Кытайдын алдыңкы экологиялык технологияларды колдонгон "Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест" компаниясынын башкы директору Дай Даого менен жолукту.
Анда мэр таштандыларды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүүчү заманбап заводдун курулуш иштерин жандандырып, ишти активдүү жүргүзүү керектигин белгиледи. Ошондой эле жаралган бардык маселелер мэрия тарабынан чечилип бериле тургандыгын айтты.
Аталган завод ишке кирсе жылына 310 миң тоннага чейин таштандыны утилдештирип, электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Белгилей кетсек, завод экологиялык талаптарга толук жооп берип, айлана-чөйрөгө зыяндуу заттарды бөлүп чыгарбайт.