Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. Ош шаарында коомдук тамактануучу жайлардын ээлерине унаа токтотуучу жайларды уюштурууга милдеттендирилди.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, жол тыгындарын азайтуу, тургундардын жана конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында ар бир коомдук тамактануучу жайдын өзүнүн парковкасы болушу керек.
Белгиленгендей, быйылкы жылы шаарда бир катар жолдор оңдоп-түзөөдөн өтүп, кеңейтилген. Бирок тилекке каршы, жаңыланган жолдордун четтери кайрадан унаа токтотуучу жай катары колдонулуп, жол кыймылына тоскоолдуктар жаралууда.
«Ар бир коомдук тамактануучу жайдын өзүнүн унаа токтотуучу жайы болушу керек. Бул кардарлардын унаалары жол четинде мыйзамсыз токтобошу үчүн абдан маанилүү. Башкаларга ыңгайсыздык жаралбашы керек. Андыктан кыска убакытта унаа токтотуучу жайларды уюштурууну колго алыңыздар», — деп айтылат маалыматта.