Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында кар жаап жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жол ачык, каттам бар.
"Министрлик айдоочуларга жолдо жүрүүдө коопсуздукту, жол эрежелерин так сактоону эскертет,– деп айтылат маалыматта.