Ошто сыйымдуулугу 1000 тонналык соода-логистикалык борбор курулууда

Экономика Загрузка... 17 Сентябрь 2025 12:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 17.09.25. /Кабар/. Өлкөдө быйыл ишке берилүүчү 128 ишкананын бири Ош шаарынын Төлөйкан айылында курулуп жаткан “Азия Органикс” ЖЧКсынын соода-логистикалык борборун ушул жылдын октябрь айынын ортосуна чейин пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу компаниянын жетекчиси Бактыбек Закиров “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

WhatsApp Image 2025-09-17 at 13.02.06 (1).jpeg

Анын айтымында, соода-логистикалык борбор кубаттуулугу 1 000 тоннага чейинки продукцияны сактоого жана кайра иштетүүгө ылайыкташкан жана алма, сабиз, капуста, курма, кулпунай, кожогат, бүлдүркөн, алча жана башкалар сакталат.

“Борбордо мөмө-жемиштерди тоңдуруу үчүн 10 камера коюлат: 9 камера 0…+5 °С температуралык режимде жана 1 камера –25 °С чейин терең тоңдуруу үчүн. Ошондой эле продукцияны кабыл алуу, иргөө жана санитардык иштетүү үчүн 60 метрлик технологиялык коридор каралган. Бул айыл чарба өндүрүмдөрүнүн жоготуусун азайтып, экспортко жол ачат”, - деди ал.

Закиров белгилегендей, бүгүнкү күндө бардык металл конструкциялар даярдалып, сэндвич-панелдер жана Германияда өндүрүлгөн муздаткыч жабдуулар толук сатып, алып келинди.

WhatsApp Image 2025-09-17 at 13.02.06 (2).jpeg

“Учурда бардык даярдык иштери бүткөрүлдү, азыр Ош шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгынан параллелдүү курулушка уруксат алууну күтүп жатабыз. Алган маалыматыбызга ылайык, уруксат келерки жумада берилет. Андан кийин курулушту ыкчам улантып, 2025-жылдын октябрь айынын ортосуна чейин пайдаланууга берүүнү пландап жатабыз”, - деди компаниянын жетекчиси.

Ал долбоордун жалпы наркы болжол менен 59,6 млн сомду түзөрүн, ага курулуш, жабдуулар жана инженердик иштер кирерин кошумчалады.

“Борбор ишке берилгенден кийин туруктуу 5 жумуш орду түзүлөт. Сезон учурунда кошумча 50гө чейин жумушчу тартылат”, - деген ал соода-логистикалык борбор фермерлерге продукцияны сапаттуу сактоого жана узак мөөнөткө кармоого шарт түзөрүн белгиледи.

"Ал эми шаар жана облус үчүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет. Бул айыл чарба экономикасына, фермерлердин кирешесине жана экспорттук кластерлерге түз салым кошот.

WhatsApp Image 2025-09-17 at 13.02.06.jpeg

Эң маанилүүсү, 2025-жылдын башында кабыл алынган жаңы мыйзамга ылайык, Кыргызстандагы соода-логистикалык борборлор бардык салыктардан бошотулган, социалдык фондго милдеттүү төгүмдөр жана киреше салыгы гана сакталган. Бул соода-логистикалык борборлордун ишмердигин финансылык жактан туруктуу жана инвесторлор үчүн дагы жагымдуу кылат.

Жыйынтыктап айтканда, "Азия Органикс" соода-логистикалык борбору аймак үчүн стратегиялык объект болуп саналат жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого, экспортту кеңейтүүгө жана айыл чарба тармагында кошумча баа түзүүгө чоң салым кошот", - деп сөзүн жыйынтыктады Закиров.