Ошто социалдык көйгөйлөр жана калктын муктаждыктары талкууланды

Аймак 29 Август 2025 10:42
539960082_1221111786725159_5241170514193763272_n.jpg
539765766_1221111783391826_8078552943453299475_n.jpg
539791530_1221111790058492_6252412632216636899_n.jpg
Алдыга
Артка
539960082_1221111786725159_5241170514193763272_n.jpg
539765766_1221111783391826_8078552943453299475_n.jpg
539791530_1221111790058492_6252412632216636899_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 29.08.25. /Кабар/. Ошто социалдык көйгөйлөр жана калктын муктаждыктары талкууланды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Талкуу президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн аппараты менен биргеликте уюштурулуп, калктын аймактагы актуалдуу көйгөйлөрү жана муктаждыктары каралды.

Иш-чарага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, Министрликтин аймактык башкармалыктарынын жетекчилери жана айыл аймактардын социалдык кызматкерлери катышты.

Жыйында майыптыгы бар адамдардын, турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдардын, анын ичинде ата-энелери миграцияда жүргөндөрдүн маселелери, мамлекеттик жөлөкпулдардын дайындалышы жана төлөнүшү, коомдук акы төлөнүүчү иштердин өлчөмүн көбөйтүү зарылдыгы боюнча маселелер көтөрүлдү.

Мындан тышкары, аймактык башкармалыктардын жетекчилери калктын аялуу катмарын тейлеген социалдык кызматкерлердин эмгек акысынын төмөндүгүн өзгөчө белгилешти. Айыл өкмөттөрдүн социалдык кызматкерлери болсо аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн электрондук социалдык паспортторду түзүүдө пайда болгон техникалык кыйынчылыктарды айтып өтүштү.

Жыйындын жыйынтыгында аталган маселелер боюнча сунуштар даярдалып, аларды борбордук органдардын жана президенттин облустардагы өкүлдөрүнүн 2026-жылга карата биргелешкен иш-планына киргизүү чечими кабыл алынды.