Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясы шаардыктарды 5-октябрь күнү саат 18:00дө борбордук стадиондо өтө турган Ош шаарынын күнүнө арналган чоң салтанатка чакырат.
Гала-концертте Керим Турапов, Ибрагим Жунусов, Майрамбек Осмонов, Элера Кабылжан кызы, Курал Чокоев, Данияр Жанибек уулу, Арууке Кубатбекова, Шухрат Якубов, Азамат Токтокадыров, Темир Назаров, Фриман, Согдиана, Шахрух Хан, Мирбек Атабеков, Артур катышат.
Иш-чара Ош шаардык эл аспаптар оркестринин коштоосунда өтөт.
Алып баруучулар: Айзада Жамгырчиева жана Чыңгыз Мырзаев.
Концертке кирүү акысыз.