Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Ош шаарынын Н. Исанов көчөсүндөгү эс алуу багынын курулуш иштери дээрлик бүтүп калды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Белгиленгендей, эс алуу багы мэр Жеңишбек Токторбаевдин демилгеси менен курулууда.
Мында тамактануучу жай, футболдук аянтча, унаа токтотуучу жай, ажаткана жана балдар ойноочу аянтчалар каралган.
Паркты шаар күнүнө карата пайдаланууга берүү болжолдонууда.