Ошто “Салам Ош-2025” эл аралык туризм көргөзмө-жарманкеси өтөт

Аймак Загрузка... 15 Май 2025 09:15
WhatsApp Image 2025-05-14 at 14.52.44.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 15.05.25 /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 3-4-июнь күндөрү Ош облусунда “Салам Ош-2025” аттуу II эл аралык туризм көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Ош облусунун башчысынын орун басары Илияз Ташбаев УТРК Ош телеканалынын түз эфиринде берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага 10дон ашуун өлкөдөн коноктор чакырылып, жайкы туризм сезонунун расмий ачылышы болот.

“Келген коноктор иш-чаранын биринчи күнүндө форумга, жарменкеге катышат. Ал эми экинчи күнүндө Ноокат районундагы Кара-Кой жайлоосунда чакан этно шаарча уюштурулуп, ал жерде этно фестиваль өткөрүлөт. Максаты Ош облусунун кооз жаратылышын, тарыхый жайларын дүйнө жүзүнө таанытуу жана туризмди өнүктүрүү”,-деди ал.