Оштогу перинаталдык борбор: Курулушка сейсмикалык текшерүү жүргүзүлдү

Аймак 08 Июль 2026 12:00
711566495_3859436354199535_2461134645483286846_n (2).jpg
740445781_1532983934967317_2024998738883899114_n.jpg
740601844_1532983964967314_941965510356874435_n.jpg
740733903_1532983941633983_3706195591609045209_n.jpg
740929630_1532984004967310_3606139283080293235_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Жер титирөөгө туруктуу курулуш институтунун Түштүк филиалы Ош облустук клиникалык ооруканасынын D блогуна инженердик текшерүү жүргүздү.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, текшерүү Увам көчөсү, 12В дарегинде жайгашкан имаратты заманбап перинаталдык борбор катары реконструкциялоо пландарына байланыштуу уюштурулду.

Адистер имараттын учурдагы техникалык жана сейсмикалык абалын аныктоо үчүн долбоордук документтерди изилдеп, негизги конструкциялык элементтерди ченеп чыгышты. Ошондой эле коопсуздукту баалоо үчүн зарыл болгон техникалык сыноолор өткөрүлдү.

"Текшерүүнүн негизинде институт тарабынан курулуштун сапаты жана имаратты кайра курууга мүмкүн экендиги тууралуу расмий корутунду даярдалып берилет",-деп айтылат маалыматта.