Ошто мыйзамсыз менчиктештирилген почта имараты мамлекетке кайтарылды

Аймак Загрузка... 08 Апрель 2025 14:29
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы

Бишкек, 08.04.25. /Кабар/. Ошто мыйзамсыз менчиктештирилген почта имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, Араван районунун Тепе-Коргон айылында жайгашкан почтанын имараты жана 0,12 га жер тилкеси жеке жактарга мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында 6 млн сомдук аталган имарат жана 0,12 га жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды.