Ошто мыйзамсыз курулуштарды алуу уланууда

Аймак

Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан шаарды иретке келтирүү, сырткы көрүнүшүн жакшыртуу жана муниципалдык жерлерди максаттуу пайдалануу багытында мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн У. Салиева көчөсү № 51 дарегиндеги көп кабаттуу турак үйдүн алды жана арткы тарабында жайгашкан жеңил конструкциядагы мыйзамсыз чарбалык курулуштар жана тосмолор алынды.

"Ушундай эле иш-аракеттер Авиашаарчасындагы № 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 17 жана 18-үйлөрдүн аймагында да жүргүзүлүүдө. Бул багыттагы иштер мындан ары да улантылат",-деп айтылат маалыматта.