Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Тогуз-Торо районунда жол курулушу аяктагандан кийин туристтердин саны көбөйөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров райондун тургундары менен жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, туристтердин көбөйүшү менен аймакта кафе, мейманканаларга жана боз үйлөргө суроо-талап өсөт.
“Кийинки жылдары Кыргызстанга туристтер көп келет. Кафелер, мейманканалар керек болот. Боз үйлөрдү тигип, тосо баштайсыңар”, — деди Жапаров.