Бишкек, 21.05.26. /Кабар/. Ош облусунда мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн ишкана айыпка жыгылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын аймактык башкармалыгы тарабынан "Цзю-Цзю-Си" ЖЧКсына карата текшерүү жүргузүлгөн. Анда ишкана өзүнө бөлүнүп берилген жер аянтынан сырткары кошумча жер тилкесине мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн жана башка талаптардын бузулгандыгы аныкталды.
Аталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү акт түзүлүп, протоколдор таризделди. Натыйжада ишканага жалпы 117 миң сом айып салынды.
Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат жер ресурстарын мыйзам талаптарына ылайык пайдалануу боюнча көзөмөл иштерин улантат.