Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Ош шаарынын Шакиров көчөсүнүн, 123–125 даректеринде эки кабаттуу кафе жана унаа токтотуучу жайдын курулушу текшерилип, тиешелүү чаралар көрүлдү.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, буга чейинки текшерүүдө курулуш иштеринде мыйзам талаптарынын бузулушуна жана бекитилген долбоордон четтөөлөргө жол берилгендиги боюнча тиешелүү акт түзүлүп, мыйзам бузууларды жоюу жөнүндө жазуу түрүндө эскертүү берилген.
Мындан тышкары, курулуш ээсине аныкталган мыйзам бузуулар, курулуш ченемдери менен эрежелеринин талаптары жана бекитилген долбоордон четтөөлөр боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Аныкталган мыйзам бузуулар үчүн кафенин ээси Хасан Хусанов административдик жоопкерчиликке тартылып, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Көрүлгөн чаралардын жана жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгында, 7-ноябрдан бери Хасан Хусанов курулуп жаткан объектини өз ыктыяры менен буздурууда.