Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Арал айылынын тургуну сот ишинин создугуп жатканына даттанды. Бул тууралуу мамлекет башчысы Жайыл районунун тургундары менен жолугушкан учурда аталган райондун Арал айылынын тургуну Динара Курамаева президентке кайрылды.
Анын айтымында, 2025-жылы малчы өзүнө ишенип тапшырылган малды сатып жиберген. Натыйжада 17 адамдын 75 баш малы, анын ичинен Динара Курамаеванын 25 малы жоголгон.
“Милиция кызматкерлери баарыбызды бири-бирибизге каршы арыз жазууга мажбурлашты. Соттук териштирүү бир жыл бир айдан бери созулуп жатат. Иш боюнча эч кандай маалымат жок, тиешелүү кызматтар жоопкерчиликти бири-бирине оодарып жатышат”, — деди ал.
Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов малчы чындап эле малды сатып жибергенин, учурда ал камакта экенин жана тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.
“Бул ишти создуктурбай, тез арада чечкиле”, — деп тапшырды президент тиешелүү жетекчилерге.