Бишкек, 05.06.26 /Кабар/. Оштогу Алымбек датка эс алуу жайында заманбап музыкалуу оргума курулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Күн мурун мэр Жанарбек Акаев фонтандын курулуш иштерине старт берди.
Буга чейин бул жерде эски фонтан жайгашкан. Эми анын ордуна толук оңдолуп-түзөлүп, музыканын коштоосунда бийлеген заманбап фонтан орнотулат.
Долбоорго ылайык, узундугу 50 метрге жеткен фонтан жарык жана музыкалык эффекттер менен жабдылат. Кечинде шаар тургундары менен коноктор үчүн өзгөчө кооз көрүнүш тартуулайт.
Мэр курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды. Жаңы фонтан шаардын көркүнө көрк кошуп, эс алуу жайынын эң негизги жайларынын бирине айланат.