Ошто муниципалдык унаа токтотуучу жай оңдоодон кийин ачылды

Аймак 21 Ноябрь 2025 15:50
586513689_1184346603884235_367086199459736302_n.jpg
588350369_1184346303884265_3752068919596562112_n.jpg
586420187_1184346893884206_2891396865347579685_n.jpg
587756804_1184346913884204_4815182266030644802_n.jpg
586424164_1184346540550908_8508099535077745143_n.jpg
586571197_1184346860550876_336281540779799591_n.jpg
587026816_1184346827217546_6646884105709514359_n.jpg
587145715_1184346923884203_424864067091871634_n.jpg
587154802_1184346980550864_4940707159788317284_n.jpg
587563080_1184346710550891_5134877221982004024_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 21.11.25. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэриясына караштуу эски унаа токтотуучу жай капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган жай буга чейин каралбай таланып-тонолгон абалда турган.

Буга чейин мэр Жеңишбек Токторбаевдин демилгеси менен облустун балансындагы бул объект министрлер кабинетинин чечими менен Ош мэриясынын карамагына өткөрүлгөн.

Учурда гараж толугу менен жаңыланып, 100 пайыз өзгөртүлдү. Анда дарбазалары, тосмолору жаңыланып, айланасына асфальт төшөлүп, жаан-чачында суу өткөн чатыры жаңыланды.

Ошондой эле ичиндеги унаа жуучу жай, оңдоочу бөлмө, айдоочулар үчүн жуунуучу жай жана ажатканалар оңдоп-түзөлдү.

Бул иш-чара Ош шаарында муниципалдык кызматтарга жаңы техникалар жана кызматтык унаалар тапшырылып жаткан мезгилге туш келди.