Ошто муниципалдык автоунаа ишканасы оңдоп-түзөөдөн өттү

Аймак 28 Октябрь 2025 16:26
571246348_1163763349275894_7170931431939455357_n.jpg
571249788_1163761105942785_5617185558185906418_n.jpg
571259814_1163759329276296_826169486304732563_n.jpg
571420414_1163759575942938_4850491281799272573_n.jpg
572980743_1163759465942949_7139013572519276588_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 28.10.25. /Кабар/. Күн мурун Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын оңдоо-түзөөдөн өткөрүлгөн имараты пайдаланууга берилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана мекеменин жамааты катышты.

Бул имарат курулгандан бери капиталдык ремонттон өткөрүлгөн эмес. Жыл башында Жеңишбек Токторбаев ишкананын абалы менен таанышып, быйылкы жылы оңдоп, кызматкерлерге шарт түзүүнү тапшырган.

Ага ылайык ишкананын 3 кабаттан турган имаратынын фасады, бөлмөлөрү толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүлүп, 1 500 метр квадрат болгон аянты асфальтталды. Ошондой эле таза суу насостору жаңыланып, аймагы көрктөндүрүлдү.

Белгилей кетсек, аталган мекемеде 360 кызматкер эмгектенет. Автобус, троллейбустардын жалпы саны 181. Бүгүнкү күндө ишкана 2 троллейбустук жана 9 автобустук каттамдарды тейлейт.