Ошто милициянын ардагерлерине кызматтык унаа тапшырылды

Аймак 29 Декабрь 2025 12:40
FB_IMG_1766990266350.jpg
FB_IMG_1766990256318.jpg
FB_IMG_1766990254328.jpg
FB_IMG_1766990252160.jpg
FB_IMG_1766990259989.jpg
FB_IMG_1766990262682.jpg
FB_IMG_1766990269018.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1766990266350.jpg
FB_IMG_1766990256318.jpg
FB_IMG_1766990254328.jpg
FB_IMG_1766990252160.jpg
FB_IMG_1766990259989.jpg
FB_IMG_1766990262682.jpg
FB_IMG_1766990269018.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 29.12.25. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев “Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын ардагерлери” коомдук бирикмесине кызматтык унаа тапшырды.

Мэриядан билдиришкендей, калаа башчысы буга чейин Милиция кызматкерлеринин күнүнө карата ардагерлер менен жолугушуу учурунда жаңы жылга карата заманбап унаа белек кылууну убада кылган.

Бүгүн айтылган убадасын иш жүзүндө аткарып, милициянын ардагерлерине жаңы үлгүдөгү унаанын ачкычын тапшырды.

Мындан тышкары, аталган коомдук бирикменин ишмердүүлүгүн колдоо максатында Ош шаардык мэриясынын имаратынан бир кызматтык бөлмө да бөлүнүп берилди.