Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Ош шаарында мигранттар үчүн жаңы чыгып кетээр алдында багыттоо жана реинтеграция борбору ачылат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Тиешелүү меморандум Эмгек министрлиги менен Эл аралык миграция уюмунун ортосунда тузүлдү. Документке министрдин орун басары Бакыт Дарманкул уулу жана ЭМУнун миссия башчысы Серхан Актопрак кол койду.
Ачыла турган жаңы борбор төмөнкү иштерди аткарат:
- Коопсуз миграция: Жарандардын мыйзамдуу жумушка орношуу каналдары жөнүндө маалымат берүү;
- Окутуу: Чыгып кетээр алдындагы даярдоо программаларын жана маалыматтык сессияларды уюштуруу;
- Реинтеграция: Чет өлкөдөн кайтып келген мигранттарга колдоо көрсөтүү жана аларды коомго аралаштыруу.
Жолугушууда Кыргызстандын делегациясы БУУнун форумуна катыша тургандыгы белгилүү болду. Анда Кыргызстан коопсуз жана мыйзамдуу миграция боюнча глобалдык келишимдин аткарылышы тууралуу улуттук докладды сунуштайт.