Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. Ош шаарында футбол боюнча 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын чейрек жана жарым финалдык, ошондой эле финалдык беттештери борбордук аянттагы чоң LED-экран аркылуу түз эфирде көрсөтүлүп турду.
Мэриянын маалыматына ылайык, иш-чара Ош шаарынын мэринин тапшырмасынын негизинде маданият жана жаштар башкармалыгы тарабынан футбол уюштурулду.
Бул демилге шаар тургундары менен конокторун бириктирип, дүйнөлүк футболдун атмосферасын бирге сезүүгө жана сүйүктүү командаларын колдоого мүмкүнчүлүк түзгөнү айтылат.
Белгилей кетсек, кечээ дүйнө чемпионатынын акыркы оюну болуп, Испания менен Аргентинанын ортосунда өткөн финалдык беттеш 1:0 эсебинде Испаниянын жеңиши менен аяктады.