Ошто мектептин 300 орундуу кошумча корпусу курулат

Аймак 28 Февраль 2026 15:30
644338804_1260535656265329_3244618691913191365_n.jpg
642210153_1260536002931961_7630653180553362177_n.jpg
642335446_1260535809598647_5201350572339676551_n.jpg
644093500_1260534336265461_7810413845873184026_n.jpg
644370142_1260535706265324_6134059150106502828_n.jpg
644438071_1260535992931962_989538906683553344_n.jpg
644456835_1260535922931969_7144877788038910793_n.jpg
644465828_1260535742931987_7581000094217946148_n.jpg
644470442_1260535769598651_4759618932675249812_n.jpg
644479472_1260535886265306_2357340077877667814_n.jpg
644483000_1260535896265305_3226350917489752387_n.jpg
644506502_1260535786265316_2967544739563131911_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 28.02.26. /Кабар/. Ош шаарындагы Ж.Мамытов атындагы мектепке 300 орундуу заманбап кошумча корпус курулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Бүгүн курулушка расмий түрдө мезгил кутусу салынды. Иш-чаранын жүрүшүндө шаар мэри Жанарбек Акаев жаңы окуу имаратынын пайдубалын түптөө — бул балдарыбыздын билимине, келечегине салынган маанилүү инвестиция экенин белгиледи.

Президенттин демилгеси менен быйыл Ош шаарында мектептердин тартыштыгын жоюу максатында ири курулуштар жүрөт. Республикалык бюджеттен 10 мектеп, ал эми шаардык бюджеттен 3 мектеп жана бала бакчалар болуп, жалпысынан 15 социалдык объект курулат. Ошондой эле жеке мектеп курууну көздөгөн ишкерлерге мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрү маалымдалды.

Белгилей кетсек, курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп, ушул жылдын ноябрь айында толук аяктап, пайдаланууга берүү пландалууда.