Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын борбордук аянтында 3-март — Мамлекеттик туу күнүнө карата салтанаттуу иш-чаралар жана туу көтөрүү аземи өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Иш-чарага катышкан президенттин аймактагы өкүлү Аманкан Кенжебаев тургундарды патриоттуулукка жана мекенчилдикке үндөдү.
"Туубуз элибиздин майрамдарында, салтанаттарында, улуттук аземдеринде ар дайым желбиреп турсун! Бүткүл өлкөлөрдө Кыргызстандын жарандары башын бийик көтөрүп, жеңиштерде туубузду желбиретишсин! Ылайым, биздин туубуз кыргызстандыктарды бириктирген сыймыктуу символ катары түбөлүккө жашасын!" — деди Кенжебаев.
Иш-чаранын жүрүшүндө жоокерлер шаардын борбордук аянтына мамлекеттик тууну көтөрүштү.
Белгилей кетсек, мамлекеттик туу легендарлуу парламент тарабынан эки ай талкууланып, 1992-жылдын 3-мартында кабыл алынган. Быйыл Кыргызстандын мамлекеттик туусуна 34 жыл толду.