Ошто мамкызматкерлерге шайлоо өнөктүгүнө аралашпоо эскертилди

Шайлоо 16 Октябрь 2025 12:34
560905793_1153706933614869_7160368358963365855_n.jpg
561124252_1153707036948192_2224039539283570461_n.jpg
561151196_1153706983614864_8878868789299165719_n.jpg
561332238_1153707026948193_9119740142632605532_n.jpg
561748527_1153706926948203_8360221495627307545_n.jpg
564055799_1153706976948198_1714037695455399249_n.jpg
565819800_1153707063614856_7984350472170770972_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 16.10.25. /Кабар/. Ошто мамлекеттик кызматкерлерге шайлоо өнөктүгүнө аралашпоо эскертилди. Бул тууралуу Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Конституциянын жана мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу боюнча өткөн жыйында айтылды.

Мэриядан билдиришкендей, ага шаардагы укук коргоо органдарынын жетекчилери, мекеме-ишканалардын жана аймактык башкармалыктардын башчылары, аймактык жана участкалык шайлоо комиссиясынын төрагалары катышты.

Мында шайлоого мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин аралашуусуна жана административдик ресурска жол берилбестиги эскертилди. Ошондой эле аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлү бул жолку шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор, шайлоо участкаларынын чек аралары боюнча жетиштүү маалымат берди.

Жыйын шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу суроолор менен улантылып, тиешелүү кызмат өкүлдөрү жоопторду беришти.