Ошто көзөмөл камераны жетиштүү деңгээлде орнотуу зарылдыгы айтылды

Аймак 30 Март 2026 16:02
658871144_1284284467223781_6310968356589577473_n.jpg
658355160_1284284450557116_3070669181403000033_n.jpg
660457766_1284284017223826_1807734191331165500_n.jpg
659638746_1284284093890485_7467752558393649261_n.jpg
658142202_1284284650557096_2872128973680437052_n.jpg
658129472_1284284247223803_6497087448163798_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 30.03.26. /Кабар/. Бүгүн, 30-мартта Ош мэриясынын кезектеги коллегиясы өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды. Калаа башчысы Жанарбек Акаев шаар тургундарынын коопсуздугу биринчи орунда экенин белгилеп, видеокөзөмөл камераларын сатып алууда каражатты үнөмдөбөстөн, жетиштүү деңгээлде камсыздоо зарылдыгын айтты. Көзөмөл системаларын кеңейтүү коопсуздукту жогорулатып, кылмыштуулукту азайтууга өбөлгө түзөрүн билдирди.

Ошондой эле мэр майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо, жашоо шарттарын жакшыртуу, инфратүзүмгө жеткиликтүүлүктү камсыздоо жана реабилитациялык кызматтарды өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

Жыйындын соңунда шаар мэри тиешелүү кызматтарга ыкчам жана жоопкерчиликтүү иш алып барууну тапшырды. Көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүү, кемчиликтерди жоюу жана ишти натыйжалуу жүргүзүү боюнча тиешелүү токтомдор кабыл алынды.