Ошто кытайлык дарыгерлер бейтаптардын көзүнө акысыз операция жасоодо

Аймак 16 Октябрь 2025 15:01
561736652_122188231910368081_134789486380793808_n.jpg
564538651_122188231892368081_1122723239378572850_n.jpg
565638338_122188231922368081_7548043753341378355_n.jpg
564622142_122188231832368081_3991258014144130054_n.jpg
Алдыга
Артка
561736652_122188231910368081_134789486380793808_n.jpg
564538651_122188231892368081_1122723239378572850_n.jpg
565638338_122188231922368081_7548043753341378355_n.jpg
564622142_122188231832368081_3991258014144130054_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 16.10.25. /Кабар/. Ошто Кытайдан келген дарыгерлер бейтаптардын көзүнө акысыз операция жасоодо.

Облустук өкүлчүлүктөн билдиришкендей, операциялар Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында "Экспресс ден соолук – жаркын саякат" долбоорунун алкагында катаракта жана глаукома оорулары менен жабыркаган бейтаптарга жасалып жатат.

Долбоорго ылайык, 11-23-октябрь күндөрү 300гө жакын операция жасоо пландалууда. Дагы 50дөй бейтап глаукомасын дарылатат.

Бул кытайлык дарыгерлердин Ош облусуна үчүнчү жолу келиши, буга чейин 2023-жылы - 338, ал эми 2024-жылы 237 бейтаптын көзүнө операция жасашкан.

Акысыз операциялардан тышкары, көз микрохирургия бөлүмү заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалып, кыргызстандык дарыгерлер Кытайда тажрыйбасын арттыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда.

Облус жетекчиси Элчибек Жантаев кытайлык дарыгерлер менен жолугуп, алардын ишине ийгилик каалап, гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.