Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Ош шаарында Салижан Жигитов атындагы 1200 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, мектеп пайдаланууга берилгенден кийин эки нөөмөттө 2500дөн ашык окуучунун билим алуусуна шарт түзүлөт.
"Курулуш 2026-жылдын март айында башталып, мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланган. Долбоордун алкагында жалпы аянты 13 миң 610 чарчы метр болгон беш блоктон турган төрт кабаттуу имарат курулду", - деп айтылат маалыматта.
Мектепте заманбап окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, компьютердик жана эмгек класстары, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар жана спорт залдары каралган. Ошондой эле аймагында футбол, волейбол жана баскетбол аянтчалары бар.
Учурда курулуш иштери толугу менен аяктап, мектепте окуу процессин баштоого акыркы даярдыктар жүрүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин бул жерде 1964-жылы курулган мектеп иштеп, анда 2 миңге жакын окуучу билим алып келген.