Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. Ош шаарындагы Курманжан датка көчөсүндө жылуулук түтүктөрүнүн линияларын алмаштыруу иштери башталды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бул иштердин алкагында Нургазиев көчөсүнөн Асранкулов көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү жер астындагы жылуулук түтүктөрү алмаштырылат.
Аталган иштердин жүрүшү менен мэрдин орун басары Эрнис Толтоев жеринен таанышып, курулуш-монтаждоо иштерин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүтүрүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, жылуулук түтүктөрүнүн линияларын алмаштыруу иштери 15-20 күндүн ичинде бүтөт.