Ошто курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жашыруун жай табылды

Аймак 19 Май 2026 10:50
WhatsApp Image 2026-05-19 at 09.00.52.jpeg
WhatsApp Image 2026-05-19 at 09.00.52 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-05-19 at 09.00.52 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-05-19 at 09.00.52 (4).jpeg
WhatsApp Image 2026-05-19 at 09.00.52 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-05-19 at 09.00.52 (5).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon УКМК

Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Ош облусунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат Кадыр Досоновдун ("Женго") уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык курал-жарак жана ок-дарылардын жашыруун сакталган жерин аныктады.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында "Ош" эл аралык аэропортунун аймагына жакын жерде жайгашкан жашыруун жайдан төмөнкүлөр табылып алынды: аңчылык куралынын кесилген түрү - 1 даана, "Сайга" - 1 даана, ПМ - 2 даана, ошондой эле көрсөтүлгөн ок атуучу куралдарга тиешелүү ок-дарылар.

Азыркы учурда алынган курал-жарак жана ок-дарылардын келип чыгышы аныкталууда, ошондой эле жашыруун жайды уюштурган адамдардын ким экендиги такталууда.