Бишкек, 28.02.26. /Кабар/. Ош шаарында 1-марттан 31-майга чейин жазгы үч айлык жарыяланды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын алкагында шаардын калктуу конуштарынын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу, аймактарын көрктөндүрүү, экологиялык жана санитардык абалын талаптагыдай деңгээлде кармоо, жашыл бак-дарактардын аянтын кеңейтүү, калкты жана аймактарды жаратылыш кырсыктарынан коргоо талаптары коюлду.
Жыйында мэрдин орун басары Эрнис Толтоев тиешелүү тармактарды жазгы үч айлыкка алдын ала даярдыкта, активдүү катышууга чакырып, жогорку деңгээлде иш алып баруу тапшырмасын берди.
Белгилей кетсек, Ош шаарын жашыл шаарга айландыруу калаа башчысы Жанарбек Акаевдин да негизги приоритеттүү багыттарынын бири.