Ошто көп кабаттуу үйлөрдүн сырты жаңыланууда

Аймак Загрузка... 26 Апрель 2026 15:34
copyright icon Ош шаардык мэриясы

Бишкек, 26.04.26. /Кабар/. Ошто көп кабаттуу үйлөрдүн фасаддары жаңыланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Азыркы учурда Анар 15-В жана Анар 15-Б даректериндеги көп кабаттуу турак үйлөрдүн сырткы фасаддары сырдалып жатат.

Ошондой эле Манас-Ата аймактык башкармалыгындагы И. Раззаков көчөсүнүн №26 көп кабаттуу турак үйүнүн да фасадын сырдоо иштери жүрүүдө.

Аталган иштер Ош шаарынын мэриясынын кош каржылоо долбоорунун алкагында муниципалдык турак жай коммуналдык ишканасы тарабынан аткарылууда.