Ошто коопсуздук эрежелерин бузган курулуш компанияга айып салынды

Аймак
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 10.11.26 /Кабар/. Ошто коопсуздук эрежелерин бузган курулуш компаниясына айып салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуш объектисиндеги коопсуздук талаптарынын сакталышы боюнча видео кайрылуунун негизинде ыкчам текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүү Ош шаарынын Касымбеков көчөсү 2 дарегинде жайгашкан курулуш объектисинде өткөрүлдү.

Белгиленгендей, аталган объект Мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестрине 2025-жылдын февраль айында катталган. Учурда объектте 7-кабаттын кабат аралык жабуу плитасын орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

Текшерүүнүн жүрүшүндө видео кайрылууда көрсөтүлгөн фактылар тастыкталып, куруучулардын каска жана коргоочу шаймандарсыз иштеп жаткандыгы аныкталды.

Жыйынтыгында, курулуш иштеринде коопсуздук талаптарын бузган "ТКК Перспектива" ЖЧКсына карата тиешелүү чаралар көрүлүп, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жана коопсуздук эрежелерин толук сактоо боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди. Ошондой эле компанияга 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.